Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Европа Комиссиясы Орусиядан өлүм жазасын алып таштоону талап кылды.


МОСКВА. Европа Комиссиясы Орусиядан өлүм жазасына тыйуу салуусун талап кылды. Бүгүн Москвада сүйлөгөн сөзүндө комиссиянын өкүлү Мауд де Бөр-Букиччо айым эгерде Орусия өлүм жазасын жойбосо, «Батыш менен Орусиянын ортосундагы темир көшөгө кайрадан пайда болушу ыктымал» деп билдирди. Орусия өлүм жазасына 1996–жылы мораторий киргизген. Бирок январ айында Мамдума теракттарга тийешеси бар чечен козголоңчуларын жазага тартуу максаты менен, президент Путинден мораторийди жокко чыгарууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG