Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

УКРАЙНАДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИ


Нарын АЙЫП, Прага Украйнада акыркы жылдарда эркин журналисттер жана басылмаларга каршы бир топ аракет көрүлгөнү белгилүү. Бирок эми өлкө жетекчилиги - бийликке жакпаган китеп чыгарган басмаканаларга да катуу мамиле жасай баштады.

Мындан эки жыл мурда Украйнада - белгилүү интернет басылмасынын редактору Георгий Гонгадзенин өлтүрүлгөнү өлкөнүн эл аралык сахнадагы кадырын бир топ ылдый түшүргөн. Кээ бир оппозициялык саясатчылардын айтымында, журналисттин көзүн тазалоо боюнча буйрукту президент Леонид Кучма өзү берген. Гонгадзенин башы кесилген денеси токойдо табылган. Мындан бир ай мурда болсо, кошуна Беларустун Молодечно шаарынын алдындагы токойдо дагы бир украйн журналистинин бакка асылган денеси табылды. Михайло Коломиец - Уrрайнадагы эң ири үч маалымат кызматынын бири, "Украйински новины" аттуу жаңылыктар агенттигинин деректири болуп иштечү жана анын кесиптештеринин айтымында, Коломиец - агенттиктин кабарларында Украйн өкмөтүнүн аракеттери сындалгандыктан өлтүрүлгөндүгү мүмкүн.

Бирок акыркы мезгилде Украйнада журналисттер жана маалымат агенттиктери гана эмес, китеп чыгарган басмаканалар да куугунтукка алына баштады. "Таки справы" аттуу басмакана үстүбүздөгү жылдын башында - өлкөнүн мурдагы вице-премьер-министри Юлия Тимошенконун өмүр баянын китеп түрүндө чыгарган жана ал 900 миң нуска менен тарап, Украйнанын эгемендүүлүк жылдарындагы эң көп сатылган китепке айланды.

Бирок Тимошенко - президент Кучманын саясатын катуу сындаган оппозициялык саясатчы, ошондуктан, эбегейсиз ийгиликке жеткен басмакана эми жабылуу коркунучуна такалып турат. Басмакананын ээси Сергий Даниловдун айтымында, китеп жарыкка чыккандан бери, салык кызматы басмакананы 30 жолу текшерди жана анын ишин дээрлик токтотуп салды. Салык полициясы Даниловду: арам акчаны адалдаган, - деп күнөөлөдө жана сот чечими менен басмакананы аукцион аркылуу сатып жиберүүгө аракеттенүүдө.

Текшерүүчүлөр басмаканага куралданып келет жана көптөгөн андай текшерүүлөрдүн бири кантип жүргүзүлгөнү тууралуу Данилов минтип айтат: "Басмаканага күтүүсүз жерден он бешдей куралчан адам кирип келди. Ар бир бөлмөнүн эшигинин алдына экиден адам туруп, дагы экиден адам ар бир бөлмөгө кирип, текшерүү башталды. Бирок алардын колунда андай кылууга эч кандай расми уруксат жок болуп чыкты, биз ал тууралуу айтканда, алар: эгер биз баш ийбесек, беш мүнөттүн ичинде ар бирибиз жерге жатып калабыз, - деп кыйкырышты. Эшик алдында бир автобус толтура автомат кармаган адамдар да турду".

Бирок Сергий Данилов өз басмаканасын 1988-жылы негиздеп жатканда, Украйн өкмөтүнө ишенбей, аны кошуна Литвада каттаган. Литва менен Украйна ортосунда ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча кол коюлган келишим боюнча болсо, кандайдыр бир чыр чыкса, ал - Америка кошмо штаттарынын борбору Вошингтон шаарындагы сотто каралууга тийиш.

"Таки справы" басмаканасынын айланасындагы чырды азыр Украйн парламентинин сөз эркиндиги боюнча комитети да кароодо жана Данилов 5-декабр күнү парламенттик угууда чыгып сүйлөдү. Бирок ал Украйна сотуна ишенбегендиктен, өлкөнүн салык полициясына каршы кылмыш ишин - Америка кошмо штаттарында ачып, аягы көрүнбөгөн текшерүүлөрдүн айынан зыянга учураган басмаканага 15 миллион евро өлчөмүндө кенемте төлөп берүүнү талап кылууда.

Украйналык эксперт Иван Лозовынын айтымында, Данилов ал америкалык сотто утуп чыгышы толук ыктымал жана анда өкмөт өзүнүн куугунтук баштаганы жөнүндө көпкө өкүнөт.
XS
SM
MD
LG