БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Александр Карпасовдун шейшембидеги билдирүүсүнө караганда, быйылкы жылы Кыргызстанга 108 миң тонна авиакеросин алынып келинген. Бирок аны алып кирүүдө бир тыйын да акциздик салык төлөнгөн эмес. Анын натыйжасында өлкөнүн бюджети 460 млн. сом жоготкон. Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, парламент авиакеросинге акциздик салык киргизилгенин өкмөткө май айында эле эскерткен. Бирок өкмөт аны аткарган эмес. Депутат Николай Байлонун айтымында бюджеттин дээрлик жарым миллиард сом жоготушу боюнча парламенттик иликтөө жүрүп, Башкы Прокуратура кылмыш ишин козгоого тийиш.
Айданбек Акмат уулу