БИШКЕК. Шейшемби күнү президент Аскар Акаев Индонезия жана Иемен Республикаларынын Кыргыз Республикасындагы элчилери Хашим Салехтин жана Ахмед Хуссеин Аль-Башардын ишеним грамоталарын кабыл алды. Дүйшөмбү күнү болсо президент Дания элчиси Ларс Виссингдин, Улуу Британия элчиси Джеймс Шарптын жана Израилдин элчиси Моше Камхинин ишеним грамотасын кабыл алган. Ишеним грамоталарын кабыл алууда тараптар өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттерин билдирген. Бул тууралуу шейшембиде президенттин басма сөз кызматы кабарлады.