Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Бириккен Улуттар Уюмунун адистери Ирактын аскердик декларациясын текшерүүнү улантууда.


Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Ирактын аскердик декларациясын дыкат изилдөө иштерин улантууда. Ирактын өзүндө массалык кыргын салчу куралдарды жана алардын компоненттерин издеп жаткан инспекторлордун саны 100гө чукулдап калды. Ал учурда Америка Кошмо Штаттары жана Орусия Ирактын аскерий декларациясы боюнча алгачкы аныктамаларын Улуттар Уюмунун курал-жарактар боюнча башкы инспектору Ханс Бликс менен Эл аралык атомдук энергия агенттигинин жетекчиси Мухаммед ал-Барадейге тапшырышты. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин калган 3 туруктуу мүчөсү – Кытай, Франция жана Британия өз тыянактарын бүгүн кечке чейин өткөрүп бермекчи. Куралдар боюнча башкы инспектор Бликс, Улуттар Уюмунун аныктамасы бейшемби күнү Коопсуздук Кеңешинин жыйынында талкууланаарын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG