Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 23:39

Талас областынын губернатору кызматтан алынды.


БИШКЕК. Талас областтык мамлекеттик администрация башчысы Карачалов Кеңеш башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жардыкты президент Аскар Акаев 14-декабрда чыгарды. Мындай маалыматты ушул эле күнү президенттин маалымат кызматы таратты. Ал эми Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 11-декабрда премьер-министрдин отчетун угуу учурунда Талас областынын губернатору Кеңеш Карачаловго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушун президент Аскар Акаевге жолдогон. Мындай сунушту депутаттар областтагы төө буурчак сатуу ишиндеги кемчиликтер менен негиздеген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG