Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Экономикалык кылмыштуулук Кыргызстанды 130 миллион сом чыгымга учураткан.


БИШКЕК. Жыл башынан бери коррупция кылмышы боюнча 185 факт катталды. Ал эми экономикалык кылмыштуулук боюнча издөөдө жүргөн экономикалык 852 кылмышкердин 456сы кармалды. Табылгандардын арасында мамлекеттин 18 миллион доллар каражатын дайынсыз жоготуп, 1998-жылы качып кеткен Шалкар Жайсаңбаев жок. Бул тууралуу бейшембиде ички иштер министрлигинин алдындагы экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча башкы башкармалыктын башчысы Сергей Баженов кабарлады. Анын айтымында, аталган жаранды «Интерпол» аркылуу издөө уланууда. Мындан тышкары, өткөн 11 ай ичинде экономикалык жана кызматтык кылмыш боюнча 2013 факт катталып, алар алып келген материалдык чыгымдын көлөмү 134 млн. 675 миң сом болгон. «Чыгымдын 119 миллион сомдон ашыгы мамлекетке кайтарылды», деп билдирди Сергей Баженов.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG