Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:14

«Кемоникс интернешнл» аттуу эл аралык уюм Нарын областында жер реформасын ишке ашырууга аракеттерди көрө баштады.


Дамир Калыков

НАРЫН. «Кемоникс интернешнл» аттуу эл аралык уюм Нарын областында жер реформасын ишке ашырууга аракеттерди көрө баштады. 19-декабрда аталган уюмдун менеджери Искендер Байназаровдон алынган маалымат боюнча, долбоорду ишке ашыруу үчүн буга чейин областтагы «Кол Кабыш», «Суудан» жана «Нур» аттуу бей өкмөт уюмдардын жардамы менен Кочкор, Нарын райондорунда жерди пайдаланууну үйрөтүүчү семинарлар өткөрүлгөн. Жаңы жылдан баштап мындай иш-аракеттер областтын баардык райондорунда өткөрүлүп, жер укугу боюнча эл аралык адистер тарабынан толук маалыматтар берилет. Ал эми табигый шарттары оор Нарын областында жер сатып алган чарбалык субъектилер, жеке атуулдар азырынча каттала элек.

XS
SM
MD
LG