Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Өзбекстан Түркмөнстандын дооматтарын четке какты.


ТАШКЕНТ. Өзбекстан «президент Сапармурад Ниязовго кол салган топко жардам берген» деген Түркмөнстандын айыптоолорун четке какты. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов кол салууга катышкан түркмөндөр «Өзбекстандын элчилигинде жашынууда» деген айыптоолор негизсиз экенин билдирди. Түркмөн коопсуздук күчтөрүнүн Өзбекстандын Ашхабаттагы элчилигин тинткенине байланыштуу, шейшембиде расмий Ташкент каршылык нотасын жиберген. Билдирүүдө Өзбекстан Түркмөн оппозиционери Шимхмурадовго чек арадан ашып кетүүгө жардам берген деген Ашхабаттын айыптоосун төгүндөгөн.

XS
SM
MD
LG