Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Таласта төө буурчак сатып алып жаткан атаандаш эки фирманын чатагы тынчтык жол менен чечиле баштады.


Машакбай Рахманкул уулу

ТАЛАС. Таласта дыйкандардан төө буурчак сатып алууда атаандашкан түркиялык «Робин» жана орусиялык «Черноморец» фирмаларынын 18-октябрда башталган чыр-чатагы тынчтык жол менен чечиле баштады. Орусиялык фирманын өкүлдөрү Анатолий Стаценко менен Артур Рогов республиканын коопсуздук жана прокуратура кызматынын жетекчилерине жана областтын прокурорунун наамына кат жөнөтүшүп, анда алар «түркиялык фирманын өкүлдөрү менен болгон чыр-чатагыбыз чечилди, аларга эми эч кандай нааразычылык жок», деп билдиришкен. Мындан тышкары, Бакай-Ата райондук нотариусу Төрөкуловдун күбөлөндүрүүсү менен Анатолий Стаценко түркиялык фирманын кассасынан аларга сатылган төө буурчагынан алгандыгы тууралуу документ эки фирманын чатагына байланыштуу ачылган кылмыш ишине ырастоочу документ катары тиркелди. Бул туурасында орусиялык «Черноморец» фирмасынын адвокаты Доолбеков 21-декабрь күнү ырастады.

XS
SM
MD
LG