Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Бишкекте өткөн семинардын катышуучулары кыргыз парламентинде фракциялар менен депутаттык топтор зарыл экендигин белгилешти.


БИШКЕК. Кыргызстандын парламентин депутаттык топторсуз жана фракцияларсыз элестетүү мүмкүн эмес. «Жогорку Кеңештеги парламенттик топтор: алардын ролу жана келечеги» аттуу семинардын катышуучулары ушундай чечимге келишти. Бул тууралуу 24-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ага парламенттеги бардык фракциялардын жана топтордун өкүлдөрү катышты жана алар парламенттин ишин депутаттык топторду күчтөндүрүү аркылуу жакшыртуу зарыл, ал үчүн парламентте саясий партиялардын санын көбөйтүү керек деген пикирге келишти. Семинардын катышуучулары ошондой эле саясий партиялар, лоббизм жөнүндөгү мыйзамдарды тезинен кабыл алуу керектигин белгилешти. Семинар БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG