Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Ажылыкка барчулардын сапарын республикалык штаб уюштура турган болду.


БИШКЕК. Быйыл Кыргызстандын Меккеге ажылыкка барам деген жарандарынын сапарынын камын республикалык штаб көрөт. Мындай маалыматты 24-декабрда өткөн пресс-конференцияда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Лугмар ажы Гуахунов билдирди. Анын маалыматына караганда, республикалык штаб өткөн жылдардагы мыйзамсыз көрүнүштөргө байланыштуу Сауд Аравиясы билдирген нааразылыктарды жоюу үчүн түзүлдү жана анын тутумуна ички, тышкы, саламаттык сактоо жана транспорт министрликтеринин өкүлдөрү киргизилди. Диний башкармалык түзгөн республикалык штаб Сауд Аравиясына жарандарды визасыз алып барган туристтик фирмалар менен күрөшүүгө да жол ачат. Сауд Аравиясы Кыргызстандан быйыл ажылыкка баруучулар үчүн 1600 орун бөлдү. Ажылыкка баруу мөөнөтү жаңы жылдын 11-февралынан башталат.

XS
SM
MD
LG