Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Майлы-Суу шаарында Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын ишин караган аскердик сот улантылды.


Машакбай Рахманкул уулу

МАЙЛЫ-СУУ. 26-декабрдагы соттук жыйында түшкү саат экиге чейин областтык милициянын өзгөчө багыттагы отрядынын 7 кызматкери күбө иретинде суроолорго жооп беришти. Отряддын мүчөсү Эргешов Асан 17-мартта Боспиек айылында чогулган элдин биринчи катарындагы аялдар, артта келатышкан эркектердин намысына тиер сөздөрдү айтышып, милиция менен кайраштыргандыгын ырастады. Милициянын старшинасы Жаңыбаев Адылбек Кербенге бараткан укук коргоочу Турсунбек Акунов кармалгандан кийин элдер жаалданышып, орган адамдарын көздөй жулунушканын айтты. Ал элдин колунан мылтыкты көрбөгөндүгүн, бирок алар өзүн-өзү башкарууга чамасы жетпей калгандыгын эскерди. Күбө Орозалиев Нурбек болсо эл алдына барган жетекчилердин эч кимиси «чогулгандарды ургула, соккула» деп буйрук бербегендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG