БИШКЕК. Кыргызстанда дагы бир жаңы саясий партия түзүлдү. Ал «Эл мурасы» деп аталат жана анын лидери - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаева. Партиянын программасына караганда, анын негизги максаты - адам укугун коргоо, үй-бүлөнү бекемдөө, коомду баш коштуруу жана социалдык багыттагы рынок экономикасын куруу. Бул тууралуу шейшембиде «Эл мурасы» партиясынын Борбордук Комитетинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жаңы партия юстиция министрлигинен каттоодон өттү жана катарында 500 мүчөсү бар.