Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:17

Ооганстанда эски акчаны жаңысына алмаштыруу жараяны аяктоодо.


Өлкөнүн Борбордук Банкынын бүгүнкү жарыясына караганда, Ооганстандын улуттук акчасы афганинин эски үлгүдөгү банкноттору 2-январдан тартып жараксыз болот. Мындай чечим ооган президенти Хамид Карзайдын төрагалыгы астында өткөн жыйындан соң кабыл алынды. Акчаны алмаштыруу жараяны бейшемби күнү түштөн кийин аяктамакчы. Ооганстанда президент Карзай баштаган азыркы өкмөт бийликке келгенге чейин Борбордук Банк өлкөдө акча жүгүртүү ишине көзөмөлдүк кыла алчу эмес. Ооган акчасынын жаңы үлгүсү жүгүртүүгө мындан үч ай мурда чыгарылган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG