Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

КМШынын аткаруу структурасындагы реформадан улам Үсөн Сыдыков ишинен бошоду.


БИШКЕК. «Өткөн жылдын октябрь айында Молдованын борбору Кишинев шаарындагы КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммититинде кабыл алынган чечимге ылайык КМШнын аткаруу структуралында кыскартуулар жүрүп, анын натыйжасында 2003-жылдын башынан тарта иштен бошотулдум», - деп билдирди шаршемби күнү Кыргызстандын КМШнын аткаруу структурасындагы вице-премьер даражасындагы өкүлү Үсөн Сыдыков. Анын айтымында, КМШнын аткаруу структурасындагы бөлүмдөр бириктирилүүдө. Маселен, экономикалык багыттагы төрт бөлүм, бир бөлүм болуп түзүлдү. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, КМШнын аткаруу структураларында кыскартуулар, реформалар жүрүүдө, бирок ал аягына чыга элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG