Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Иран парламенти катардагы жарандардын укугун өкмөттүк чиновниктерден коргомок болууда.


Иран парламенти адамдардын жеке эркиндигине кепил өткөн мыйзамдын долбоорун биринчи окууда бекитти.
Долбоор аткаруу, мыйзам чыгаруу органдарынын, коопсуздук күчтөрүндө жана динаятчылар контролдогон мамлекеттик жогорку кеңештердин кызматкерлерин мартабасын теңдөөнү да сунуш кылат.
Мыйзам долбоорунда, ошондой эле, жеке жарандардын укугун бузган бийлик адамдары кызматынан четтетилсин же үч айдан үч жылга чейин эркинен ажыратылсын деп сунуш кылынат.
Долбоор эми парламенттик комитеттерде каралат да, андан соң парламентке жөнөтүлөт. Парламент бекиткен мыйзам бейконституциялык жогорку орган -Көзөмөл Кеңешинде бекитилсе гана күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG