Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Бишкекте чет өлкөлүктөргө каршы жасалган кылмыштардын көпчүлүгү кытайлыктар, түркиялыктар жана пакистандыктар менен байланыштуу.


БИШКЕК. 2002-жылы чет өлкөлүк жарандарга каршы жасалган кылмыштар боюнча Бишкекте 77 факт катталды. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан 20дан ашык кылмыш иштери Кыргызстандын аймагында жасалган. Мындай кылмыштар негизинен Кытай, Түркия жана Пакистан мамлекеттеринин жарандарынын айланасында болууда. Бул Кыргызстан менен аталган өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда соода кызматташтыгынын басымдуу болуп жаткандыгы менен байланыштуу жана аталган өлкөлөрдүн жарандарына карата атайын максаттуу кысым жок. Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысынын маалыматына караганда, аталган кылмыштардын 60 пайызынын бети ачылды, жана чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу кылмыштарды териштирүү - ички иштер министрлигинин мындан ары иш жүргүзө турган негизги багыттарынын бири болуп калмакчы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG