ЖАЛАЛАБАД. Үч жарым сааттык жыйналыш, Аксыда окко учкандардын ата-эне, жакындарынын талабы боюнча район акиминин, прокурорунун, ички иштер бөлүмүнүн башчысынын катышуусунда өттү. Уулу каза болгон Четимбаев Момбектин билдирүүсүнө караганда, жабырларлануучулар президент Аскар Акаев менен 6-январга чейин жолугушууну уюштуруу, сотту Кербенде өткөрүү, 18-мартта окко учкан Үмөталиев Элдиардын жана 19-мартта тартип сакчыларынан токмок жегендердин ишине тергөө жүргүзүү, 17-марттагы окуяны кошумча иликтөө, мамлекеттик сыналгыдан бир жактуу маалымат берүүнү токтотуу, областтын жетекчиси жана тартип коргоо башчылары менен жолугуштуруу талабын жергиликтүү бийликке коюшту. Алар ошондой эле Аксы окуясында күнөөлүү деген кызмат адамдарынан өз алдынча өч алуу бүтүмүн билдиришти. Коюлган талаптар аткарылбаса, жергиликтүү бийликтин кереги жок деген ойлорун айтышты.
Ырысбай Абдраимов