Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кыргызстандын Конституциясына киргизүүгө сунушталган өзгөртүүлөр менен толуктоолорду талкуулоонун мөөнөтү аяктады.


Кыргызстандын Конституциясына киргизүүгө сунушталган өзгөртүүлөр менен толуктоолорду жалпы элдик талкуулоонун мөөнөтү аяктады. 1-вице-премьер-министр Курманбек Осмонов маалымат жыйынында билдиргендей, башмыйзамдын тагдыры эми ушул айдын аягында, же келерки айдын башында өтө турган бүткүл элдик референдумда чечилет. Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр менен толуктоолордун текстин адистер тобу 13-январга чейин даярдап, андан соң алар өлкө президентинин кароосуна сунуш кылынмакчы. Оппозициячылар корутунду документ менен же парламент, же Конституциялык Кеңеш тааныша албаганына нааразы болууда. Башмыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн арасында азыркы кош палаталуу парламенттин ордуна бир палаталуу парламент түзүү, анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү ж.б. бир катар маселелер каралган.

XS
SM
MD
LG