БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын талкуулоо максатында түзүлгөн Эксперттик топ 6-январда экинчи отурумуна чогулду. Бул отурумунда Эксперттик топ Конституциялык Кеңешменин катчылыгы топтогон сунуш-пикирлер менен таанышып, аны юридикалык жактан иретке келтирүүгө киришти. Бул тууралуу Эксперттик топтун төрагасы Чолпонкул Арабаев билдирди. Анын айтымында, бул курам Конституциянын жаңы долбоорун Конституциялык Кеңешменин жыйынтык документинин жана элден түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде түзөт жана ал бир палаталуу парламент, Жогорку сот менен Арбитраждык сотту бириктирүү, бийлик бутактарынын, президенттин бийлик укуктары өңдүү олуттуу маселелерге кошумча өзгөртүү киргизбейт. «Олуттуу өзгөрүш болбойт деп ойлойм. Себеп дегенде, Эксперттик топтун андай укугу жок», - дейт Чолпонкул Арабаев.