Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТОЛУКТООЛОРДУ ТАЛКУУЛОО АЯКТАДЫ, БИРОК КӨП СУРООЛОР АЧЫК КАЛДЫ


Кыргызстандын Башмыйзамына кезектеги өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү максатында Конституциялык Кеңешме түзүү боюнча жарлыкка президент Акаев өткөн жылдын 26-августунда кол койгон. Оболу 40 адамдан турган кеңешме мүчөлөрүнө кийин айрым депутаттар, саясий партия өкүлдөрү кошулуп, Башмыйзамдын талкуусу бир жарым айга узартылды. Жаңы жылдан тарта конституциялык өзгөртүүлөрдү ыраатка салып, алымча-кошумчаларды сыдыргыдан өткөрүү амалында президенттин дагы бир жарлыгы менен эксперттик топ түзүлдү.

Тогуз жыл аралыгында Кыргызстандын Конституциясы үч ирет өзгөртүлдү. Эмки төртүнчүсү президенттин айрым ыйгарым укуктарын парламент, өкмөт менен ичара бөлүштүрүүгө арналып отурат. Бул ирет Башмыйзамдын талкуусу, кээ бир серепчилердин пикиринде, адаттагыдан шашылыш өтүүдө. Президенттин демилгеси менен башталган көрсөтмөлүү иш-чаранын минтип апыл-тапыл коюлуп калышынын артында, албетте, республикадагы саясий-экономикалык жагдай, ага кошумча Батыш өлкөлөрүнүн алдында Кыргызстан демократиялык жолунан тайбай баратканын көрсөтүү амалы турган. Кезектеги конституциялык реформа президенттин бийлигин үлөштүрүү менен гана алектенип, андан жарандык коом сыртта калды деген пикирлер да айтылууда. Кыргызстан юристтер ассоциациясынын президенти Темирбек Кененбаев:
- Конституциялык Кеңешме кайра дагы чакырылабы? Эгер чакырылса ал кандай форматта өтөт? Январдын аягында референдум өтүшү мүмкүн деген сөздөр жүрүүдө. Ушундан улам Конституцияга алымча-кошумчаларды киргизчү Конституциялык Кеңешменин түзүлүшү тууралуу менде бир суроо пайда болууда. Конституциялык Кеңешме кандай негизде түзүлгөн? Ага негизинен бийлик менен оппозиция кирип, калктын 90% түзгөн жарандык коом өкүлдөрү четте калды.

Буга чейинки конституциялык реформалар президенттин жеке бийлигин күчөтүү багытында жүрүп келсе, кезектеги алымча-кошумчалар авторитардыкка өтө чапкан андай бийликти ичара үлөштүрүү аракетине өтүүдө. Анткен менен Башмыйзамда бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги, айрымдардын пикиринде, бул ирет деле баамдын сыртында калууда. Улуттук дөөлөт мурастарды сактап, өнүктүрүү үчүн түзүлгөн «Теңир Ордо» коомдук фондунун төрагасы Дастан Сарыгулов:
- Эл бийлиги башкаруучулардын калк алдындагы жоопкерчилигинин механизмин иштеп чыгышы керек. Бийликтин үч бутагы эл алдында жоопкер, анын көзөмөлү алдында болушу керек, жасаган иштеринин эсеп-кысабын билдирип турушу зарыл. Азыр андай механизм жок. Бийликтин өз ара тең салмагына жетишкен күнүбүздө деле алардын эл алдындагы жоопкерчилигин аныктай албасак, коомдун алдыга жылышы тууралуу кеп кылуунун кереги деле жок. Депутаттардын жоопкерчилиги кайда? Президент 10 жыл аралыгында бир жолу эл алдында отчет бердиби? Берген жок. Бүгүнкү Конституцияны өзгөртөбүз деп аткан сунуш - чала-бучук оңдоо. Чын сөздү айтпайлыбы, мен ушундай ойдомун. Жеке адамдарга байланыштырбай эле айтайын, бул президент, кийинки президент дебей системага токтолоюн. Азыр кандай коомдук-саясий түзүлүш? Конституция кепилин алган адам эч кимдин алдында жооп бербейт. Анын эл алдында отчет берүүсү Конституцияда жазылган эмес.

Дастан Сарыгулов өткөн жылдын 20-сентябрына чейин өзгөртүү киргизип, Башмыйзамды апыл-тапыл өзгөртүп ийүү аракети, андан соң талкууну улам узартып отуруунун артында эч кандай логика жок деп эсептейт.

Конституциялык Кеңешменин төрага орунбасары Абсамат Масалиевдин пикиринде болсо, негизги, жалпы эле бардык мыйзамдардын сакталышы бийлик башында отургандарга да байланыштуу. Абсамат Масалиев Конституцияга өзгөртүү киргизип жаткандар аны биринчи кезекте өздөрү темирдей бекем сакташы керек деп эсептейт.

Конституцияга алымча-кошумчаларды киргизүү Кыргызстандын шартында,байкоочулар белгилеп жүрүшкөндөй, саясий опур-топурлар маалында же алардан коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу максатындагы зарылдыкка айланды. Айрым оппозициячыл саясатчылардын оюна караганда, алгачкы ирет негизги мыйзам «алтын чатагын» бас-бас кылуу амалында өзгөртүлсө, бу саамкысы Аксыдан тутанган нааразылыкты токтотуу аракети болду.

XS
SM
MD
LG