Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Британиянын соту чечен козголоңчуларынын өкүлү Ахмед Закаевди Орусияга өткөрүп берүү маселесин кароону кийинкиге калтырды


Лондондук судья Тимоти Уоркмен Британиянын ички иштер министрлигинин өтүнүчүнө ылайык ишти кароону 31-январга жылдырды. Ага чейин Ахмед Закаев үчүн коюлган күрөө күчүндө болот жана ал эркин жүрө алат. Орусия А.Закаевди бир нече кылмыш окуясы боюнча айыптап, Британиядан өткөрүп алууну көздөөдө. Чечен козголоңчуларынын өкүлү Лондондо 5-декабрда кармалган. Ал Британияга Даниядан келген эле. Дания бийликтери Орусия тарап берген далилдер жетишсиз болгонуна байланыштуу А. Закаевди камактан бошотуп жиберген.

XS
SM
MD
LG