Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Ахмед Закаев дале Лондондо соттун чечимин күтүп жатат


Козголоңчул Чечен жумуриятынын президентинин өкүлү Ахмед Закаев Орусиянын жооптуу өкмөт өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз байланышта турганын билдирет. Орус бийликтери тарабынан террорчу деп күнөөлөнүп жаткан Закаев учурда Лондондо соттун аны Орусияга өткөрүп берүү маселеси боюнча өкүмүн күтүп жатат. “Коммерсант” күндөлүк гезитине берген интервьюсунда Закаев Мамдуманын экс-спикери Руслан Хасбулатов жана Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Иван Рыбкин менен байланышып турганын билдирген. Закаев Орусиянын Чеченстанга жиберилген атайын өкүлү менен 2001-жылы ноябрда жолугушканын жана бул Орусиянын расмий өкүлү менен чечен козголоңчуларынын акыркы жолугушуусу болгонун, андан бери Орусия козголоңчулар менен сүйлөшүүдөн баш тартып келатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG