Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Венада Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалына арналган жыйын башталды


Вена шаарында бүгүн «Түркмөнстандагы адам укуктары жана демократия» деп аталган жыйын ачылды. Эки күндүк талкууну Адам Укуктары боюнча Хелсинки Федерациясы жана Москвада жайгашкан «Мемориал» укук коргоо уюму өткөрүүдө. Ага түркмөн оппозициясынын сүргүндөгү мүчөлөрү, укук коргоочу активисттер жана басма сөз өкүлдөрү чакырылган.
Талкуу Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы боюнча маалымат алмашуу максатын көздөйт. Жыйындын катышуучулары Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык Уюмуна да маалымат бермекчи. Кабарларга караганда, ЕККУ Түркмөнстанга иликтөөчүлөр тобун жиберүүнү пландаштырып жатат.

XS
SM
MD
LG