Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

ОПЭК пайдадан баш тартты


Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму - ОПЭК Венесуэладагы иш таштоого байланыштуу эл аралык базарда мунайга карата пайда болгон тартыштыкты жабуу үчүн карамай өндүрүүнү көбөйтмөк болду.
Венесуела - дүйнөдөгү бешинчи чоң мунай экспортоочу өлкө.
ОПЕКтин мүчөлөрү жекшемби күнү Венада кабыл алган чечимге жараша, күнүмдүк мунай өндүрүү 1-февралдан тартып 1,5 миллион баррелге көбөйтүлөт. Бир баррель 139 литрге барабар. “ОПЭК өз керектөөчүлөрү ишенгендей кабар билдиргиси келет. ОПЭК ар качан керектөө менен камсыздоону туруктуу кармайт. Бул чечим мунай базарын стабилдештире турганы күмөн туудурбайт”,- деп билдирди Венадагы жыйындан соң ОПЭКтин төрагасы, Катардын мунай министри Абдулла Ал-Аттия.
Бир нече күн мурда бир баррель мунайдын баасы 31 долларга чыгып кеткен. ОПЭК мунайдын баасын 22 –28 доллардын чегинде кармамакчы.
Жекшемби күнү Венесуэланын байтактысы Каракаста президент Хюго Чавестин кызматтан кетүүсүн талап кылган дагы бир демонстрация өттү. Нааразылык акциясы 6 жумадан бери уланууда.

XS
SM
MD
LG