Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

“Ирак БУУнун эксперттери менен күтүлгөндөй жандуу кызматташпай жатат”, - деп билдирди МАГАТЭнин директору


БУУнун атомдук энергия агенттиги - МАГАТЭнин директору Мохамед Ел-Барадейи Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын издөөгө бир нече ай зарыл болот деп билдирди.
Ел-Барадейинин Парижде болгон жолугушуудан кийин айтканына караганда, инспекциянын мөөнөтү «Ирактын эл аралык эксперттер менен кызматташуусуна жараша болот» жана азыр Ирак бийликтери каруу-жарак инспекциясы менен болжогондой «жандуу» кызматташпай жатат.
МАГАТЭнин өкүлү Марк Гвоздевскинин сөзүнө караганда, БУУнун резолюциясы инспекцияны алты айдан бир жылга чейинки мөөнөттө бүтүүгө жол берет.

 

XS
SM
MD
LG