17-январда Хорватиянын борбору Загреб шаарында төрт орто европалык мамлекеттин премьер-министирлери жолукту. Италиянын өкмөт башчысы Сильвио Берлускони, Мажарстандын премьери Петер Меддьеши, Словениялык Антон Роп жана Хорватиянын премьер-министри Ивица Рачан аймактык кызматташуу жана коопсуздук маселелерин талкуулады. Берлусконинин айтымында, жыйынга катышкан башка үч мамлекеттин Европа Биримдигине кошулушун ал колдойт.