Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Кыргызстандын бийлик орган өкүлдөрү референдумга даярдык көрө башташты


19-январда Кыргызстандын борбордук мамлекеттик бийлик орган өкүлдөрүнүн чоң тобу өз туулуп-өскөн жерлерине жөнөштү.Бул тууралуу премьер министр Николай Танаев 18-январда губернатор, район акимдери жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушкан учурда билдирген.Өкмөт башчынынын маалыматына караганда, алар менен бирге жакшы даярданган 200 лектор жер-жерлерге барып, айыл өкмөттөрүнүн курултайларында референдум жана Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу түшүндүрмө иштерин жүргүзүшөт.Тушүндүрүү учурунда Конституциянын жаңы долбоору басылган 1 миллион китепче элге таратылат. Ал эми айыл өкмөт башчыларынын референдумду өткөрүүдөгү башкы милдети тууралуу премьер министр Николай Танаев:-Азыр биздин алдыбызда турган эң башкы милдет эч кандай экцесстерди,бойкотту болтурбоо,анткени,ал мыйзамга каршы келет.Жашырбай ачык эле айталы биз тынч иштешибиз үчүн бизге жакшы натыйжа керек.Ошон үчүн референдум күнү элдин добуш берүүчү жерге келүүсү силерге байланыштуу болуп турат- деп билдирди.

XS
SM
MD
LG