Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Референдум боюнча Конституциялык сотко дагы бир арыз берилди


Президенттин референдум жөнүндөгү жардыгын Негизги мыйзамга каршы келет деп эсептеп, аны антиконституциялык акт катары жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко бул жолу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров кайрылды. Конституциялык сот анын арызын кабыл алды. Бул тууралуу шейшембиде арыз ээси өзү маалымдады. “Конституциянын талабы боюнча, референдум конституциялык мыйзамдын негизинде өткөрүлүүгө тийиш. Бирок мындай мыйзам али кабыл алына элек. Ушул жүйөөдөн улам президенттин жардыгын Негизги мыйзамга ылайык келбейт деп табууну Конституциялык соттон өтүндүм»,-деп билдирди бизге депутат Мадумаров. Буга чейин ушундай эле арыз менен Конституциялык сотко Кыргызстан элдик конгрессинин лидери Феликс Кулов да кайрылган эле.

XS
SM
MD
LG