АКШнын юстиция министри Жон Эшкрофт 11-сентябрдагы касиреттерден соң Кошмо Штаттары антитеррордук күрөштө террорчуларды жазалоону эмес, алардын иш-аракеттерин бардык жерде озунуп ооздуктоо милдетин стратегиялык башкы багыт кылып жарыялагандыгын белгиледи. Буга жооп кылып, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохаммад Кошмо Штаттардын Иракка байланыштуу позициясын сынга алып, согуш дүйнө жүзүндөгү абалдын оорлошуна гана алып келет деп билдирди.