Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

КИМ ЧЕН ИР ДЕГЕН КИМ ӨЗҮ?


Улан Алымкул уулу, Прага Учурда дүйнөнү өзөктүк куралдар программасы менен кооптондуруп жаткан Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир эл аралык коомчулук үчүн табышмактуу инсан. Ал чет өлкөлөргө өтө сейрек чыгат. Бирок өз мекенинде Ким Чен Ирди айга-күнгө теңеген сөздөр арбын айтылып, көп жазылат.

Түндүк Кореядагы башкы бийликти 1994-жылы атасы Ким Ир Сен көз жумгандан соң колго алган Ким Чен Ирдин алтымыш жашка толушун былтыр мекендештери чоң салтанат менен белгилешти.Айрым маалыматтарда Ким Чен Ир атасы сүргүндө болгон кезде, Сибирде туулганы айтылат.Бирок, азыр айтылып да, жазылып да жүргөн расмий жоромолдор боюнча ал Түндүк Кореянын эң бийик - Пэктусан тоосунда төрөлгөн.Бул жерде өткөн кылымдын 40-жылдары атасы Ким Ир Сендин партизандык отряды жайгашып турган. Түндүк Корея лидеринин өмүр баянын өз мекенинде жазгандар Ким Чен Ир жарык дүйнөгө келгенде асманда кош көк желе пайда болгонун эскеришип, муну анын өзгөчө инсан экенинин белгиси катары түшүндүрүшөт.

Ким Чен Ир 2000-жылы Түштүк Корея президенти менен Пхеньянда тарыхый саммит өткөргөндөн кийин, түштүк кореялык жоон топ журналисттерди өз мекенине конокко чакырган эле. Андагы маектешүүлөрдүн стенограммасын иликтеген Корея боюнча британиялык эксперт Айдин Фостер-Картер Ким Чен Ир ал жолугушууда бир топ кызык сөздөрдү айтканын белгилейт:

- Ал жерде таң кала турган нерселер көп. Маселен, ал мен партиянын дагы бир жаңы жыйынын өткөрүүнү каалар элем, бирок эски муундагылар бизди тазалап жатат дейт.Ушул жерде стол четиндегилердин толкунданган күлкүсү чыккан. Андан соң ал британиялык аттар болбогон кеп, мен аларды мингенде такалары сынат деген.

Албетте,Түндүк Кореянын расмий маалымат каражаттары "сүйүктүү лидеринин " карапайым турмушу тууралуу көп эле жазышат. Өлкөнүн мамлекеттик жаңылыктар агенттиги бир ирээт мындай маалымат тараткан экен:

- Ким Чен Ир кайсыл бир жолу бөлмөсүнүн кире беришинде чачын кырктырып жатыптыр. Расмий өкүлдөрдүн бири эмне үчүн ал шарт жок жерде, түн ортосунда чачын кестирип жатканын сурайт.Анда Ким Чен Ир эртеси таң эртең менен жумушчулар менен жолугууга бараарын айтып,жооп бериптир.

Түндүк Корея боюнча сеулдук эксперт Хак Сун Пак түштүк кореялыктардын 2000-жылкы самиттен кийин Түндүк Корея лидерине карата айтылган жогорудагыдай мүнөздөмөлөргө мыйыгынан күлө мамиле жасоо адаты басаңдаганын белгилейт:

- Андан бери аны менен жолугушкан адамдар көп болду.Саммиттен кийин Түштүк Корея коомчулугунда Түндүк Корея лидери тууралуу тараган маалыматтар адамдардын ага карата мамилесин өзгөрттү.Менимче аны стратегияга ыктаган лидер катары караган көз караш басымдуулук кылат. Албетте, ал- социалист лидер. Биз аны жакшы көрбөйбүз. Биз демократиянын эч бир жышааны байкалбаган анын системасын жактырбайбыз.Бирок, жалпысынан караганда Ким Ир Чен- биз аны менен мамиле түзө турган, эки корей элинин жана Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда асылып турган проблемаларды тынчтык жол менен чечүү үчүн иштеше турган адам.

Айтор, Ким Ир Чендин соңку үч –төрт жылдын ичинде чет өлкөлөлүктөр менен болгон анча –мынча байланыштары анын турмушунун жашыруун сырларын ачууга бир аз да болсо жардам берди окшойт. Ал өз мекенинде чет элдиктерди, анын ичинде 2000-жылы АКШнын ошол кездеги Мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайтты кабыл алды. Ошондой эле соңку жылдары Орусия жана Кытайга иш сапар жасады.

Өлкөсү бир топ жылдардан бери четтен азык-түлүк жардамын алып жатканына караганда, Ким Чен Ир мекендештеринин чоң бөлүгү ач-жылаңач турмушта экенин билсе керек.Түндүк Кореяда ачарчылыктан көз жумгандардын саны аз эмес.

Ким Чен Ир кээде Батышта болжоп болбой турган инсан катары каралып жүрөт.Британиялык аналитик Фостер-Картер Түндүк Корея лидерин муктаждыгын канаттандыруу үчүн агрессияга ыктаган адам катары мүнөздөйт. Ал опуртал кадамдарды жасоо менен андан чочугандардан көбүрөөк жардам алууну көздөп жатат. Андай жардам бериле турган болсо, өзүнүн жакшы мамилесин көргөзүүнү убада кылат. Сеулдук эксперт Хак Сун Пактын пикиринде, Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыгышы- Ким Чен Ирдин катаал мүнөзүнүн белгиси:

- Азыркы өзөктүк куралдар кризисиндеги анын аракети- күн мунунтан дыкаттык менен эсептелип жасалган кадам. Ал өзөктүк куралдар маселесин АКШнын Ирактагы ыктымал согушта жеңгенден кийин Түндүк Кореяга карата жүргүзүүчү катаал саясатын алдын алуу үчүн пайдаланууда.

Ал эми келечекте эмне болушу мүмкүн? Айрым апаздарга караганда,Ким Чен Ир өзүн жана режимди сактап калыш үчүн талап кылынган кээ бир иштерге жол ачат. Маселен, ал өткөн жылы анча –мынча экономикалык реформаларды ишке ашырууга көрсөтмө берген.

Бирок, анын режими кулаарын айтууга батынгандар өз пикирлеринде сак болгону ылайык. Көпчүлүк Пхеньяндын негизги донору-мурдагы СССР кулагандан кийин, Түндүк Корея да өзгөрөөрүн болжошкон. Бирок,британиялык эксперт Айдин Фостер- Картер белгилегендей, андан бери он жылдан ашса да, Түндүк Кореяда мурдагыдай эле кырдаал сакталууда.

XS
SM
MD
LG