Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Аксы районундагы Жаңыжол, Койташ айылдарында эл жыйналып, референдумга карата чечим кабыл алышты


ЖАЛАЛАБАД. 28-январда Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин Аксы районундагы координатору Кубанычбек Маматкеримовдун кабарлаганына караганда, 26-27-январда Жаңыжол айылынын 1478, Койташ айылынын 624 тургуну катышкан чогулуш 4 бөлүмдөн турган токтом кабыл алган. Алар Конституциянын Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясын, ошондой эле борбордо иштеген жарандардын туулган жерлерине жиберилип, референдумга карата чакырык жасагандарын мыйзамсыз деп эсептеп, ошондуктан референдумга катышуудан баш тартаарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG