БИШКЕК. «Биз, КМШга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчылары, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформаны колдойбуз». Шериктеш өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 29-январда Киевде өткөн бейформал жолугушуусу учурунда ушундай мазмундагы билдирүү кабыл алынган. Бул тууралуу бейшемби күнү өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ошондой эле билдирүү ээлери, кыргыз президенти Аскар Акаевдин жетекчилиги менен жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа өлкөдөгү демократиялык процесстердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишене тургандыгын белгилешкен. Киев жолушуусуна референдумга байланыштуу кыргыз президенти эмес, өкмөт башчы Николай Танаев катышкан.
КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары Кыргызстандагы конституциялык реформаны колдой тургандыктарын билдиришти