Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

16-февралда Иран-Түркмөнстан-Кыргызстан аба каттамы ачылат


Жакындан тарта Түркмөнстан менен Ирандын башкалааларын байланыштырган аба каттамдары бир жылдык тыныгуудан кийин кайра жандандырылат. Былтыр бул каттам чыгашалуу багыт катары жабылып калган болчу. Ирандын "Асман" аба компаниясы эми бул каттам Кыргызстанга чейин узартылып, мындан ары Тегеран-Месхед-Ашгабат-Бишкек багытында жүргүнчүлөрдү ташый баштаарын жарыялады. 70 орундуу Ирандык "Фоккер" учагы дал ушундай багытта алгачкы ирет 16-февралда сапарга чыгат.

Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG