Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:13

Сеул Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасы тууралуу соңку маалыматты бышыктай албаарын билдирди


Кечээ Кошмо Штаттардын чалгындоо борбору Түндүк Корея Йонбиндеги атомдук станциясында иштетилген отунду машинелерге жүктөп, башка жактарга алып кетип жатат, андан өзөктүк куралга керектелчү плутоний даярдалышы мүмкүн деген маалымат тараткан. Чөлкөмдөгү АКШлык аскерлердин жетекчилиги Ирак согушу башталса, Түндүк Корея провокациялык аракеттерге барышы мүмкүн деп, Пентагондон кошумча күч сурап кайрылган. Азыркы тапта Түштүк Кореяда Америкалык 37 миң аскер жайгаштырылган. Сеул, бирок, Вашингтон дагы кошумча күчтөрүн жөнөтүү өтүнүчү менен кайрыла электигин маалымдады.

XS
SM
MD
LG