Сулайман Иманбаевдин айтымында, тизмеге кирген эки жарым миллионго жакын шайлоочунун басымдуу көпчүлүгү - 86,38 пайызы референдумга катышты. Анын 75,5 пайызы Конституциянын жаңы редакциясын жактырышты. Референдумга катышкандардын 10 пайызы каршы экендигин билдиришкен.
Аскар Акаевдин 2005-жылдын декабарь айына чейин кызматында турушун шайлоочулардын 78, 7 пайызы каалайт, калган 7,46 пайызы ага каршы.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев:
- Мындай көрсөткүч республканынын элинин көпчүлүгү Конституциянын жаңы редакциясын жана Кыргызстандын президентин колдогондугун далилдейт.
Борборшайлооком төрагасы абалкы маалымат дубандардан телефон аркылуу алынганын билдирди. 4-февралда түшкө чейин республиканын бардык облустарындагы референдумду өткөрүүчү шайлоо комиссияларынын башчылары добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдорун алып Бишкекке келишет. Андан соң, Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгы тууралуу жыйынтык чечимин чыгарып, мамлекет башчысына кол коюуга жөнөтөт.
Сулайман Иманбаевдин билдирүүсү боюнча, референдум күнү 20 арыз түшкөн. Шайлоо участорунда болушкан эл аралык байкоочулардан мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат түшкөн жок. Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партия, бейөкмөт уюмдардан расмий түрдө, фактыларга негизделген бир дагы арыз түшө элек. Байкоочулардан облустук, райондук сотторго арыз түшпөгөндүгүн төрага кошумчалады.

- Добуш берүүгө республиканын бардык дубандарынын эли активдүү катышты. Референдум күнү элдин маанайы көтөрүңкү, активдүүлүгу айрыкча байкалды. Эл референдумга майрамдагыдай келишти.
Журналистердин референдум тууралуу аркыл маалыматтар айтылып атканы, карапайым эл кимисине ишенүүсү керек,- деген суроосуна Сулайман Иманбаев мындай деп жооп берди:
- Биз айтканга ишенгиле. Анткени, мындай чоң иш-чарада ар ким ар кандай ойду айта берет.
Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде референдумга байкоо салган Азербайжан, Тажикстан, Беларус, Молдова, Грузия, Өзбекстан, Украина, Казакстан, Орусия элчиликтеринин өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Алардын баары референдум аябай уюшкандыкта, мыйзам бузууларсыз өттү деген пикирлерин бир добуштан билдиришти. Казакстан элчилигинин өкүлү Аскад Нускабаев:
- Биз шайлоонун кандай өтүп жаткандыгына байкоо салдык. Добуш берүү учурунда эч кандай, мыйзам бузуу фактылары болгон жок.