Алып баруучу: Ушул шаршембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэл Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде чыгып сүйлөп, Ирак куралсыздануу милдеттенмелерин бузуп жаткандыгын далилдеген фактыларды келтирди. Арийне, Пауэл көрсөткөн космостон тартылган сүрөттөр жана ирактык расмий өкүлдөрдүн үнү түшүрүлгөн тасмалар Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрүн ынандыра алган жок. Ал эми Мамкатчынын билдирүүсүнөн кийин чыгыш европалык жоон топ өлкөлөрдүн АКШнын Ирак саясатын колдоп билдирүү жарыялашы Европанын өз ичинен бөлүнүп-жарылышы дагы тереңдегенин көрсөттү.
Жаңыл Жусубжан: Иракка каршы согуш чыгып кетүү коркунучу күч алгандан бери европалыктардын бир бөлүгү бул согуштун башкы сүрөөнчүсү болгон АКШны колдосо, Франция менен Германия ага тикелей каршы чыккандыгы белгилүү. Колин Пауэлдин шаршембидеги билдирүүсү Европадагы бул жиктелүүнү дагы тереңдетти. Мамкатчы "Ирактын химиялык куралы бар жана ядролук курал чыгарууга даярданып жатат" деп ырастады. Бирок ал келтирген фактылар Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон Кытайды, Орусияны жана Францияны ынандыра алган жок. Алар Ирак кризисин дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырышты. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен Ирактын өз милдеттенмелерин бузгандыгы тууралуу айныгыс фактылар жок экендигин мындайча билдирди: "Айрым белгилер, маалыматтар, шектенүүлөр бар экени чын жана биз дагы көбүрөөк маалымат алууга умтулушубуз керек. Ошондуктан, курал инспекторлору ишин улантып, биз Иракты куралсыздандыруу максатыбыздан тайбашыбыз керек".
Европанын дагы бир таасирдүү өлкөсү болгон Германияда канцлер Герхард Шрөдер Коопсуздук Кеңеши жолдомо берген күндө да, анын өлкөсү Ирак операциясына катышпай тургандыгын буга чейин бир нече ирет эскерткен. Пауэлдин сөзүнөн кийин бул өлкөнүн тышкы иштер министри Йошка Фишер буларды айтты: "Согуштун жана анын кесепеттеринин коркунучу баарыбызга маалым. Инспекторлордун иши өтө маанилүү, ошондуктан, биз кризисти тынчтык жол менен жөнгө салуу аракетибизди улантышыбыз керек".
Арийне, мамкатчынын билдирүүсүнөн кийин Германия менен Франциянын Ирак маселесиндеги изоляциясы айрыкча даана байкалды. Өткөн аптада европалык сегиз өлкө, анын ичинде чыгыш европалык төрт мамлекет АКШнын позициясын колдогон кат жарыялашкан эле. Ал эми Пауэл Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн күнү "Вилньюс тобуна" кирген чыгыш европалык он өлкө ушул эле мазмундагы билдирүү жасашты.
Алып баруучу: "Вильнюс тобуна" кимдер кирет? Алардын америкачыл позициясын эмне менен түшүндүрүү мүмкүн?
Жаңыл Жусубжан: "Вильнюс тобу" 2000-жылы түзүлүп, ага НАТО уюмуна кошулууну максат кылган Албания, Болгария, балтиялык үч жумурият, Македония, Румыния, Словакия жана Словения кирген. Бул уюмдун турумун Болгариянын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Соломон Пасси мындайча түкшүмөлдөдү: "Эгер жакын арада курал инспекторлорунан Ирак өз милдеттенмелерине мамилесин өзгөрттү деген оң кабар болбосо, Коопсуздук Кеңеши 1990-жылдан бери кабыл алынган резолюциялардын негизинде тийиштүү аракет көрүүгө аргасыз болот",- деди Болгариянын башкы дипломаты.
Вильнюс билдирүүсүнө кол койгондор ошондой эле зарыл болсо, Иракка каршы коалицияга кошулууга даяр экендигин кулак кагыш кылышты.
Чыгыш Европа өлкөлөрү Ирак согушунда Америкага ашып кетсе аскер базаларын ижарага берип, же чакан аскер бөлүктөрүн жиберип, чектелүү гана жардам бере алат. Бирок АКШ керек болсо Иракка каршы согушту жалгыз жүргүзө алат, анын буга даремети жетет. Ушул өңүттөн алганда, Америкага бүгүн чыгыш европалыктардын моралдык колдоосу эле жетиштүү. Чыгыш европалыктардын Кошмо Штаттарын бир ооздон колдоп жатканы эмнеден деген суроого келсек, алардын коммунизмдин чынжырынан бошонушунда АКШ чечүүчү роль ойногон, ушундан улам деле алар Американы Батыш дүйнөсүнө жол ачкан өлкө катары пир тутушат болуш керек.
Алып баруучу: Чыгыш Европалыктардын Американы пир тутушу алардын Европа Биримдигине кирүү далалатына кесепет тийгизиши мүмкүнбү?
Жаңыл Жусубжан: Бул абдан жакшы суроо. Вильнюс билдирүүсүнө кол койгон 10 өлкөнүн төртөө Евросоюзга 2004-жылы кошулууга чакыруу алышкан. Өткөн жумада жарыяланган катка кол койгондордун үчөө да ушул топтогу өлкөлөр болду. Чыгыш Европада калк арасында Ирак согушуна колдоо ортозаар, бирок алардын өкмөттөрү Американын позициясын тикесинен туруп колдоп жатышат. Бул Евросоюздун эң ири мүчөлөрү - Германия менен Францияны катуу ойлонтоору шексиз. Немистер менен француздар Европа Биримдигине жана НАТОго жаңы мүчөлөрдү кабыл алууну АКШнын үзүлүп түшүп колдогонуна мурдатан эле шектенүү менен мамиле кылышчу. Ошондуктан бул өлкөлөрдүн Евросоюздун кеңейишине болгон кызыгуусу сууп кетпейт деп эч ким кепил боло албайт. Бирок дини, тили, тарыхы, маданияты тектеш элдер бир маселеде чырлашканы менен, башкаларда ынтымакташып жашай берээри да көп шек туудурбайт.