Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Индия Пакистандын дипломатын Кашмирдеги козголоңчул топторду каржылап жатат деп айыптады


ИСЛАМАБАД. Бүгүн Индия Пакистандын дипломатын Кашмир чөлкөмүндөгү козголоңчул топторду каржылап жатат деп айыптады. Индиянын полициясы Пакистандын Индиядагы элчисинин милдетин аткарып жаткан Джалил Абас Джилали Бардык Партиялардын Эркиндиги деп аталган Конференцияга акча бергендигин билдирди. Аталган топ Индиянын Кашмир чөлкөмүнүн эгемендигин талап кылган саясий топтор менен шериктеш. Пакистандын тышкы иштер министрлиги бул айыптоолорду "негизсиз жана ишеним туудурбайт" деп четке какты. Кечээ Индиянын полициясы Кашмирде согушкер топторду каржылоодо деген айып менен эки кишини камакка алган. Кашмирге байланыштуу күч алган араздашуулардан улам, эки өлкө бири-биринин элчилерин тыңчылыкта күнөөлөп, өлкөдөн чыгарып жиберишүүдө.

XS
SM
MD
LG