Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен жолу оңдолууда


12-февралда Аксы районунун акими Абдималик Эгембердиевден алынган маалымат боюнча, акимчилик бул ишке Өзбекстан чек арасын биротоло жаап, Жаллабат-Чаткал жолу менен каттаган транспорттун жолун бууп койгондон кийин жасоого мажбур болду. Республиканын транспорт министрлиги жол оңдоого 5 тонна күйүүчү май бөлгөн. Өзбекстан менен чектешкен жолдун оңдолуучу бөлүгү 21 чакырым. Буга дейре Жидегел, Кошдөбө кыштак аралыгындагы 9 чакырым жол оңдолгон. Алдыда Кызылалма дөңүндө эки быткылды түздөө милдети турат. Кербен кыштагына баруучу жолдо Өзбекстандын 6 бажы чек ара посту орнотулган.

 

XS
SM
MD
LG