Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

ИРАК:БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНДЕ ИНСПЕКТОРЛОРДУН ОТЧЕТУ УГУЛДУ


Улан Эшматов, Прага. Жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Иракта иштеп жаткан инспекторлордун башчылары Ханс Бликс менен Мохамед эл-Барадейинин экинчи отчету угулду.Бирок,алардын отчетунан кийин деле Коопсуздук Кеңешининин туруктуу мүчөлөрүнүн Ирак боюнча туруму өзгөргөн жок. Орусия, Франция , Кытай жана бул жогорку органда азыр төрагалык кылган Германия Иракта инспекция улантылышын жактады.Алардын айрымдары АКШ менен Британиянын Иракты күч менен куралсыздандыруу демилгесине башка арганын баары түгөнгөндө гана кайрылуу керек деп эсептешет.

Ирактагы эл аралык инспекторлордун бул жолку отчету ал жерде массалык кыргын салуучу куралдарды издөө иши башталганына он бир апта болгондон кийин угулду. Коопсуздук Кеңешинин жума күнкү жыйынында БУУнун адегенде эле сөз алган курал-жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс алар азырынча Ирак өзөктүк , химиялык , биологиялык куралдарды өнүктүрүп жатканы боюнча кандайдыр бир далил таппаганын белгиледи.Бирок, Бликстин айтымында али башы ачыла элек суроолор да бар:

-Азырынча ЮНМОВИК мындай куралдарды тапкан жок, жарыяланып жана жок кылынууга тийиш болгон аз сандагы химиялык дүрмөттөрдү гана көрдү. Башка маселе жана маанилүү нерсе – көптөгөн тыю салынган куралдар менен буюмдардын эсепке алынбаганы.

Бликс белгилегендей, Ирак өз тарабынан мурда топтолгон химиялык,биологиялык куралдары кайда кеткени, эмне болгону жөнүндө ишенимдүү далилдерди бере элек.Анын айтымында,Ирак алдыда Коопсуздук Кеңешинин 1441-резолюциясы талап кылгандай ,инспекторлор менен толук,жигердүү жана эч шартсыз кызматташуусу абзел.Бликс ошондой эле Ирак бийликтеринин өлкө аймагында чалгынчы учактардын учушуна, жергиликтүү окумуштуулар жеке маектешүүлөргө жол берээри жөнүндөгү убадаларын кубаттады. МАГАТЭ уюмунун баш директору Мохамед эл -Барадейи да анын эксперттери Ирак өзөктүк куралдар программасын калыбына келтиргени боюнча кандайдыр бир далилдерди таба электигин билдирди:

-Биз азырынча Ирактан өзөктүк же ага байланыштуу тыю салынган иштердин уланып жатканы боюнча кандайдыр бир далилдерди тапкан жокпуз. Анткен менен мен мурдараак айткандай, учурда бир нече маселе иликтенүүдө жана биз алар боюнча жыйынтыкка келе элекпиз.

Мохамед эл –Барадейинин сөзүнө караганда, маселен Ирактын уранды байытууга багытталган ыктымал программасы боюнча бүдөмүк жагдайлар бар.
Айтор, баяндамачылардын пикиринде , Иракта иштеген инспекторлордун башчыларынын бул жолку отчету да БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги маанайды өзгөртө алган жок.Коопсуздук Кеңешинин туруктуу үч мүчөсү: Франция, Орусия жана Кытайдын тышкы иштер министрлери мурдагыдай эле инспекцияны улантуу чакырыгы менен чыгышты.Аларды азыр БУУнун жогорку органында төрагалык кылган Германия да колдоду. Орусия жана Франция АКШ менен Британиянын Иракты күч менен куралсыздандыруу демилгесине калган арганын баары түгөнгөндө гана кайрылуу керек деп эсептешет.Орус тышкы иштер министри Игорь Иванов БУУну инспекторлорго баардык зарыл жардамдарды берүү чакырып , мындай деди:

-Инспекция улантылышы керек жана мындай турумду дүйнө өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү да бөлүшүүдө.

Инспекторлорго дагы убакыт берүү керектигине токтолгон Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Виллепен бир айдан кийин да кайра алардын отчетун угууну сунуш кылды:

-Андыктан,БУУнун инспекторлору өз миссиясын ийгиликтүү аякташы үчүн бизге аларга көбүрөөк убакыт берүүгө уруксат кылгыла. Бирок, биз бирге кыраакы болуп,Бликс жана эл-Барадейи мырзалардан Коопсуздук Кеңешине маал-маалы менен отчет берип туруусун суроого да мүмкүндүк алалы.Франция кырдаалды баалоо үчүн кийинки жолугушуну 14- мартта өткөрүүнү сунуш кылат. Бизде буга чейин жасалган жана жасала элек иштерде кандай прогресс байкалганын баалоого мүмкүндүк түзүлөт.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Британиянын тышкы иштепр министри Жек Стронун Коопсуздук Кеңешиндеги билдирүүлөрү,албетте Орусия, Франция, Кытай жана Германияныкына кайчы чыкты.Британ тышкы иштер министри Жек Стро белгилегендей,эгер Коопсуздук Кеңеши чечкиндүү аракеттене албаса - өзүнүн ноябрда кабыл алган чечимине доо кетирет:

-Эгер биз иш жүзүндө бир аз же такыр эле жок кызматташтык үчүн чексиз убакыт бере берсек - Ирактын куралсыздануусун жана эл аралык коомчулуктун биз жоопкер болгон тынчтыгы менен коопсуздугун камсыздоо жеңил эмес бирок, өтө оор болот.

Ирак мурдагыдай эле көз боёмочулук саясатын улантып жатат деп эсептеген АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл болсо, Коопсуздук Кеңешине Иракты жазалоонун катаал чараларын кароого мезгил келгенине токтолду:

-Биз азыр Ирак кызматташтыктан баш тартуусун улантып жаткан кырдаалга кептелдик. Менимче, бул Коопсуздук Кеңешинен так мөөнөтүн аныктап,жогорудагы проблема жаратуучу кесепеттер,болбосо реалдуу түрдө биз бул проблемага туш келээрибиз жөнүндө ойлоно баштоону талап кылууда.

К .Пауэллдин ушул эле күнү "СИ-ЭН-ЭН" телеканалына билдиргенине караганда, Кошмо Штаттар Ирак боюнча чечимди узакка күтө албайт.

XS
SM
MD
LG