Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикерине кайрылышты


БИШКЕК. Каракулжа жана Өзгөн райондорундагы Үсөн Сыдыковдун шайлоочулары Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге кайрылуу кабыл алышты. 343 шайлоочу кол койгон кайрылууда Үсөн Сыдыковдун Каракулжа шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышуусуна мүмкүндүк берүүгө жардамдашуу өтүнүчү айтылган. Шайлоочулар, эгерде ага жол берилбесе, март айынан тарта кайрадан митинг, пикет өңдүү нааразылык акцияларын баштаарын эскертишкен. Бул тууралуу 17-февралда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов билдирди. Анын айтымында, Өзгөн жана Каракулжа райондорунун шайлоочулары референдумдун жыйынтыгын колдошпосун билдирүү менен, Үчүнчү элдик курултайды мына ушул райондордо өткөрүүнү да сунушташкан.

XS
SM
MD
LG