Автоунаалардын көптүгүнөн улам Британиянын баш калаасынын борборунда орто эсеп менен саатына он алты чакырым гана жүрүүгө болот. Эми Лондондун бийликтери чыгарган чечимге ылайык, иш күндөрү шаардын борбордук бөлүгүнө киргиси келген айдоочулар күнүнө 8 доллардан салык төлөйт. Жол кесилиштерине видео-камералар орнотулууда. Салык төлөбөгөндөргө 130 доллар айып салынат.