Милиция кызматкерлеринин «Калкан» жана «Чагылган» деп аталган машыгуусунун биринчи этабы 15-февралда Бишкек шаарынын четинде өткөрүлдү. Ага премьер-министр Николай Танаев жана башка өкмөт мүчөлөрү байкоочу катары катышышты. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, мындай иш-чарага Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы жана Ички иштер министрлигинин аппаратындагы кызматкерлер, баары болуп эки жарым миңдей адам катышты. Машыгуу негизинен үч баскычтан турган пландын негизинде өткөрүлдү. Алгачкысы - коомдогу баш-аламандыктын алдын алуунун жолдору, андан соң - массалык тартипсиздикке каршы аракет көрүү үчүн штаб түзүп, милиция кызматкерлерин аскердик даярдыкка келтирип, аны жетекчиликке алуу. Үчүнчү этабында, массалык баш-аламандыктан соң калыбына келтирүү иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча машыгуулар өткөрүлдү. Мындай аскердик машыгуулардын максаты тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов айтып берди.
- Бул коомдук тартипти сактоо, көчөдөгү тартипсиздикке каршы иш алып баруу максатында өткөрүлдү. Эгерде, мына ошондой массалык баш-аламандык болуп кетсе, кандай чаралар көрүлүш керек, кайсыл коомдук объектилерди кайтарууга алуу керектиги такталды. Биз машыгуунун биринчи этабында, тополоң уюштургандар менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн жолдорун ишке ашырдык. Бул жолу Бишкек шаарынын прокурорунун жана шаар мэриясынан бир өкүлүнүн чогулган эл менен сүйлөшүүсүн жүргүздүк. Алар чогулган элге барып, сөз менен чындыкты айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Машыгуунун кийинки этабында, эгерде чогулган эл сүйлөшүүгө болбой эле баш-аламандыктарды уланта берсе, өлкөнүн бейпилдиги үчүн аларга каршы күч колдонуу ыкмалары боюнча машыгуулар болуп өттү.
Ж. Бусурманкуловдун айтымында, мындай иш чаралар дагы эки этапта, республиканын бардык дубандарында өткөрүлөт.
Өкмөт башчысынын катышуусунда өткөн милиция кызматкерлеринин мындай машыгуусу коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратты.
«Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикири мындай:
- Чочугансып, министрдин буйругу менен өткөрүлүп жаткандыгынан улам, мындай аракеттер саясий мүнөзгө ээ болууда. Негизинен милиция кызматкерлери мындай машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүшү керек.
Ишенбай Кадырбековдун бул пикирине Мыйзам чыгаруу жыйынынын дагы бир депутаты Бектур Асанов буларды кошумчалады:
- Ар кандай чыр-чатактарды тартипке келтирүү - бул милиция кызматкерлеринин милдети. Ошондой болсо да аткаруу бийлиги мындай машыгууларды республикадагы массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жарыялап, мынчалык көп көрсөтпөшү керек эле. Менин оюмча, мындай аракеттер - бийликтин алсыздыгынын бир белгиси. Анткени алар машыгууну коомчулукка кайталап көрсөтүү менен эл арасындагы активдүү саясатка аралашкан адамдарды коркутуу максатын көздөшүүдө.
Оппозициячыл саясатчылардын мындай пикирине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бусурманкулов макул эмес.
- Муну саясатка байланыштыруу туура эмес. Бул милиция кызматкерлеринин күнүмдүк иши. Суворов айткандай «Машыгууда кыйын болсо, майданда оңой болот» деген эле кеп, - деди Бусурманкулов.