Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

КИПРДИ КИМ БИРИКТИРЕТ?


Кипрдин грек бөлүгүндө жаңы президенттин шайланышы экиге бөлүнгөн аралдын биригүүсүнө байланышкан күмөнсүнүүлөрдү күчөттү.Тараптарга биригүү маселесинде мунасага жетүү үчүн берилген мөөнөт аяктаарына аз калганына карабай сүйлөшүүлөр кандай жыйынтык менен аяктаары азырынча белгисиз.

Аралдын грек бөлүгүнүн президенттигине шайланган Тассос Пападопулос Кипр үчүн тагдыр чечээр учурда бийликке келип олтурат. 69 жаштагы Пападопулос шайлоодо башкы атаандашы, кызматтагы президент Главкос Клеридисти утуп алды. Ал Кипрдин грек бөлүгүн акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери башкарып жаткан. Тассос Пападопулос болсо шайлоого оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери катары катышкан эле.

Мындан 29 жыл мурун эки бөлүнгөн Кипрдин кайра биригүү маселеси кызуу талкууланып жаткан кезде президенттикке жаңы адамдын, болгондо да оппозиция лидеринин келиши көп суроолорду жаратпай койгон жок. Андай суроолордун басымдуу бөлүгү, албетте Кипрдин грек бөлүгүнүн жаңы лидери биригүү жараянын алдыга жылдырабы же токтотобу деген маселге байланышкан. Биригүү планын сунуш кылган БУУнун баш катчысы Кофи АннанКипрге алдыдагы аптда келүүдө. Улуттар Уюму тарабынан белгилеген мөөнөткө ылайык, тараптар быйылкы жылдын 28- февралына чейин биригүү планы боюнча мунасага жетиши керек. БУУнун эсебинде, окуялардын мындайча жыйынтыкталышы былтыр жыл соңунда Европа Биримдигине чакырык алган Кипрдин уюмга чогуу кирүүсүн шарттамак. Англис тилинде чыгуучу "Кипр жумалыгы" гезитинин баш редактору Мартин Хенринин пикиринде, азырынча жыйынтык кандай болоору анык белгисиз, ал муну төмөнкү жагдайларга байланыштырат:

- Себеби, президент Клеридис иш жүзүндө мындан ары сүйлөшүү жүргүзүү мандатына ээ эмес. БУУнун аралга 26-февралда келүүчү баш катчысы Кофи Аннан мурда белгиленгендей 28-февралга карата кол коюлган документти алууга аракеттенет. Бирок, албетте Т. Пападопулос мырза 1- мартка чейин расмий түрдө президент боло албайт.

Өз шайлоо компаниясы учурунда Тассос Пападопулос атаандашы Главкос Клеридисти президент катары аралдын түрк бөлүгүнүн жетекчилиги менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөгү жумшактыгы үчүн сынга алган эле. Эгер президенттик кызматка келсе БУУнун планынын айрым өңүттөрүн өзгөртүүгө жетишээрин билдирген. БУУнун планын сүйлөшүүлөргө негиз боло алат деп эсептегени менен андагы кээ бир сунуштарга макул эместигин Кипрдин грек бөлүгүнүн шайлоодо уттуруп койгон президенти Главкос Клеридис жана түрк бөлүгүнүн лидери Рауф Денкташ да айткан болчу. Шайлоонун жыйынтыгынан улам Г. Клеридис менен Р. Денкташтын ушул аптадагы сүйлөшүүлөрү өткөн жок.

Маалыматтарга караганда, Кипрдин грек бөлүгүнүн жаңы лидери Тассос Пападопулос аралды бириктирүү планынын түрк тарап менен бийлик бөлүштүрүүнү караган жерлери өзгөртүлүшүн көздөйт. Ошондой эле, Кипрдин түрк бөлүгүнө көчүрүлүүчү грек качкындарынын саны көбөйтүлүшүн жактайт. БУУнун баш катчысы Кофи Аннандын планында 1974- жылы аралдын түндүгүн таштап кеткен 160 миңдей гректердин жарымына жакынын мурда жашаган аймактарына кайтаруу каралган. Буга Кипрдин түрк тарабынан жетекчилиги макул болбой келүүдө. Баяндамачылардын көпчүлүгүнүн пикиринде, Кипрдин грек бөлүгүнүн калкы Тассос Пападопулосту биригүү маселесинде алардын кызыкчылыгын жакшыраак коргойт деген ишенимде президенттикке шайлады. Анткен менен кипрлик изилдөөчү Жеймс Кер-Линдсэй мындай ырастоолор менен макул эмес. Ал шайлоонун жыйынтыгына Кипрдин ички маселелери да таасир берди деп эсептейт:

- Сырткы дүйнө үчүн бул тынчтык планын колдогон референдум деген өтө кызык болушу мүмкүн. Бирок, менимче бул мындан татаал нерсе. Шайлоочулардын 30% тынчтык планын, 15% ички маселелерди, 40-45% тынчтык планы менен ички проблемаларды бирге кароо менен талапкерлерге добуш бергенин айтышты. Демек, бул жерде ички саясаттын элементтери да бар. Бийликте он жылча турган Г. Клеридистин өкмөтүнө ичи чыкпагандар көп.

Жеймс Кер -Линдсэйдин айтымында, БУУнун баш катчысы келерки аптда Кипрдин грек жана түрк тарабынан жетекчилиги менен өз планынын кайра каралган долборунун негизинде сүйлөшүү өткөрөт. Бирок, азырынча 28 –февралга карата чечим кабыл алынабы деген суроонун жообун ачык калтырган жагдай өкүм сүрүүдө. БУУнун буга чейин сунуш кылынган планына ылайык, Кипр-айрым саясий институттары чогуу болгон, президенти ротациялануучу, федерация тибиндеги мамлекетке айланыш керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG