Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

ИРАК БАШЫН КЫЛЫЧКА ТОСУП БЕРЕБИ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Улуттар Уюмунун каруу-жарак инспекторлору Ирактын "Ал-Самуд-2" үлгүсүндөгү ракетасына байланышкан иликтөөлөрдү улантып жатышат. Анын аралыгында АКШ менен Британия Ирак боюнча жаңы резолюциянын долборун даярдашууда. Эгер Коопсуздук Кеңеши даярдалып жаткан катаал резолюциянын долбоорун колдоп чыкса, анда Иракка каршы согуш ачылышы мүмкүн.

Өткөн жумаларда Иракта табылган "ал-Самуд-2" жана "Фатах" үлгүсүндөгү ракеталар эксперттердин ичинде бир топ дискуссияларга тамызгы болду. Эл аралык адистер "ал-Самуд" ракетасы 150 километрден алыс жерди мелжей ала турганын болжолдошот, ал эми ирактык адистер болсо ракета дүрмөтсүз жана багытын тескөөчү системасыз сыналгандыктан, жакын жерге түшкөнүн, толук жабдылган ракетанын салмагы кыйла жеңилирээк болгондуктан, чындап сокку урганга келгенде, ракета андан да алыс турган буталарды мээлей ала тургандыгын айтышат. Инспекторлор Фатах ракетасы да 150 чакырымдан алыс жерге кете тургандыгын айтышат. Учурда эксперттер аталган үлгүдөгү ракеталарда колдонулуучу жабдууларды кылдат изилдеп жатышат. Буга чейинки иликтөөлөр ракеталардын кайсы бир бөлүктөрү мыйзамсыз сатылып алынганын, ал эми кай бирлери 1991-жылдан кийинки мезгилде кайра калыбына келтирилгенин көрсөттү. Улуттар Уюмунун 1991-жылы апрель айында кабыл алган резолюциясына ылайык, Ирак 150 чакырымдан алыс жерди мелжей алчу ракеталарды эл аралык адистердин катышуусу менен жойууга милдеттендирилген. Ирак тыйуу салынган куралдарды эл аралык эксперттердин көзөмөлү астында гана жок кыла алат.

Каруу- жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс жакын арада Ирактын өкмөтүнө кайрылып, куралдарды жок кылуусун талап кылмакчы. Бирок кеп буга чейин каруу-жарак испекторлорунун талабын аздыр-көптүр ийкемдүү аткарып келген Багдат сөз болуп жаткан ракеталарды жойууга макул болоор-болбосунда жатат. Учурда Коопсуздук Кеңешинин жаңы резолюциясын күтүп жатканы менен, АКШнын Иракка каршы согуш ачаары айныксыз нерсе болуп калды. Ирак ракеталарды жок кылуу менен "жалаңдаган кылычка" башын өзү тосуп берген болоорун жакшы түшүнөт, ошон үчүн ал ракеталарды жок кылууга макул боло койушу күмөн. Багдаттын мындай позициясы болсо БУУнун өткөн ноябрда кабыл алган 1441-резолюциясына каршы келет.

Иракка согуш ачууга белендеген АКШ менен Британия учурда дал ушул жагдайды эске алуу менен Ирак боюнча жаңы резолюциянын долборун даярдап жатышат. БУУнун дипломаттарынын болжолунда, документ текшерүү учурунда табылган 7 ракета, 50 даана дүрмөт менен химиялык заттар менен дүрмөттөлгөн 550 даана артилериялык куралдын БУУга тапшырылган декларацияда аталбай калганы – Иракка каршы кине боло алат. АКШ менен Британия бул фактты 1441-"резолюцияны бузуу" деп эсептеп, Иракка согуш ачууга мыйзамдуу жол чапканга дагы бир жолу аракеттенишмекчи. Резолюция долбоорунда АКШ менен Британия Иракка ултиматум койууну сунуш кылышы мүмкүн.
Бирок расмий Вашингтон Иракка каршы аскердик чабуулду БУУнун колдоосу жок эле жасай турганын кайталап келет.

Азыр АКШ Иракка сокку уруу үчүн Түркиянын аскердик базаларын пайдаланууга уруксат алганга аракеттенип жатат. Түркиянын парламенти буга макулдугун бере элек. Анкараны Вашингтон сунуш кылган акчалай компенсация ынандырбай жаткан шекилдүү. Вашингтон согуш кесепеттерин жойуу үчүн Түркияга 26 миллиард доллар сунуш кылды. Анын 6 миллиарды - жардам катары, ал эми 20 миллиарды- насыя жүзүндө берилмекчи. Бирок экономикасы ансыз да чоң кыйынчылыктарды тартып жаткан өлкө Ирак согушунан олчойгон чыгаша тартаарын белгилеп, АКШдан 30 миллиард доллар сураган жана ал жардамды согуштун кесепеттерин күтпөстөн берүүнү талап кылган.

Түркиянын бийликтеги "Адилет жана Өнүгүү" партиясынын лидери Режеп Тайып Эрдоган 20-февралда жасаган билдирүүсүндө АКШнын конгресси жардам бере турганын жазуу жүзүндө кепилдемейин Түркия өз аймагында АКШнын аскерлерин жайгаштырууга макул болбой турганын айтты. Ошону менен катар эки тарап Ирактын түндүк тарабына киргизиле турган жөө аскерлерге командачылык кылуу боюнча да макулдаша албай жатышат.

Ирактык күрттөрдүн эгемендик жарыялашынан жана мунун Түркиялык күрттөргө түрткү беришинен чочулап жаткан Анкара Ирактын түндүк чөлкөмдөрүн чычкан жойлогус кылып жапкысы бар. 19-февралда АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд АКШ Иракка башка жерден деле чабуул койо ала турганын эскертип, Анкарага: "көпкө ыраазы болбосоң, азга топук кыласың"- дегенди кыйытты.

XS
SM
MD
LG