Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Баткенде 25 жылга соттолгон «Өзбекстан ислам кыймылынын» мурдагы мүчөсү облустук сотко апелляциялык арыз жолдоду


БАТКЕН. Баткен райондук соту тарабынан 25 жылга эркинен ажыратылган «Өзбекстан ислам кыймылынын» мурдагы мүчөсү Шерали Акботоев облустук сотко апелляциялык арыз жолдоду. Ш. Акботоевдин адвокаты Арстан Айжигитовдун маалыматына караганда, өз арызында соттолуучу мындай жазага макул эместигин билдирип, ишти адилеттүүлүк менен карап, жазасын жеңилдетип берүүнү өтүнгөн. Баткендин Карабак айылында туулуп-өскөн Шерали Акботоев 1999-жылы өздөрүн «Өзбекстан ислам кыймылы» деп атаган куралчан топ Кыргызстандын түштүгүнө кол салган учурда үй-бүлөсү менен алардын катарына кошулуп кеткен. Баткен райондук соту 4-февралда Ш. Акботоевди өлкөнүн Кылмыш-Жаза кодексинин 6 беренеси боюнча айыптап, 25 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG