Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Нью-Йорк шаарынан алыс эмес Стэйтен аралында бүгүн ири өрт чыкты


АКШнын Род Айленд штатындагы түнкү клубда 20-февралдан 21-не караган түнү чыккан өрттөн 26 адам курман болду жана 160-тан ашык адам жарат алды. Штаттын жетекчилеринин айтымында, өрт - "Грейт Уайт" аттуу музыкалык группанын концерти учурунда пиротехникалык оюндарды колдонуудан чыккан. Мындан төрт күн мурда Чикаго шаарындагы түнкү клубдагы концерт учурунда мушташ чыгып, полиция элди тарата баштаганда, 21 адам тебелендиде калып каза таап, дагы 50-дөн ашык адам жарадар болгон. Акыркы келип түшкөн маалыматка караганда, Нью-Йорк шаарынан алыс эмес Стэйтен аралында бүгүн жарылуу болуп, ири өрт чыкты, анын себептери азырынча белгисиз.


Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG