Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2005-жылы башталат


БИШКЕК. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүн куруу 2004-жылдын соңунда, 2005-жылдын башында башталат. Ага байланыштуу азыр үч тараптуу комиссия ушул темир жолду куруу боюнча мамлекеттик деңгээлдеги келишимдин долбоорун даярдоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев шаршемби күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда айтып өттү. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагындагы темир жолду курууга чыгымдала турган каражаттын өлчөмү 1 миллиарддан ашуун доллардан 950 миллион долларга чейин азайтылды. Чыгымды азайтуу жолдун узундугун 30 чакырымга кыскартуу менен байланыштуу. Улут аралык темир жол Кытайдын Каши шаарынан башталып, Кыргызстандан Жалалабад, Торугарт, Өзбекстандан Анжиян шаары аркылуу өтөт. Темир жолдун жалпы узундугу 577 чакырым болуп, анын 226 чакырымы Кыргызстандын аймагында болот.

XS
SM
MD
LG