ОШ. 2-мартта «Ош-3000» шайлоо округундагы 2 участокто кайталап добуш берүү өткөрүлдү. Добуш берүүгө бул жолу 2 участок боюнча жалпы тизмедеги шайлоочулардын 38,8% келди. Алардын ичинен 517 киши Мамасадык Бакиров үчүн, 555 киши Мухтар Орозбеков үчүн добуш берди. Жалпы эсеп боюнча Ош мамлекеттик университетинин проректору Мухтар Орозбеков алдыга чыкты.